У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Шадиевди 5 жылга кесип, 60 миң сом айып салды


Мурдагы биринчи вице-премьер-министр, экс-депутат Аскарбек Шадиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-июндагы өкүмү менен Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратып, 60 миӊ сом айып пул салды. 
 
Соттун чечимине ылайык, ал эки жылга чейин мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылды.
 
Бир нече кылмыш ишинин козголгонуна байланыштуу Аскар Шадиевдин жалпы абакта жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланат.
 
Аскарбек Шадиев 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктагы 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган. Башкы прокуратура ага карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter