У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ж. Акаев: «Өкмөт жыштыкты бекер алган Казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алган»


“Премьер-министр Абылгазиев Кыргызстандагы жыштыкты аукционсуз, бекер алган Казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алган”,- деп ЖКнын депутаты Жанар Акаев социалдык баракчасына жазды. 
 
«Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо "тергөөгө кийлигишпейин" деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. "Свои" деп коргогон менен, болбой калды бул жагы.

Жакында Казакстандагы “Верный капитал” инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?”,-деген суроо менен эл өкүлү күч органдарына кайрылды.
 
 
 
 
 
 
   
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter