У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат Момбеков: “Азыркы күндө эл Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы жакшы тааныйт”


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рыскелди Момбеков маданият, спорт тармагынын бюджетинин кыскарышы боюнча нааразычылыгын билдирди.

Бул боюнча: “Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун барактап чыгып, таң калдым. Силер Жогорку Кеңештин бюджетин 80 миллион сомго кесипсиңер, Башкы прокуратураныкы 15 миллион сомго, Финансы министрлигиникин 21 миллион сомго азайтыпсыңар. Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгын 2 миллион 500 миң сомго кыскарыптыр. Эң кызыгы Маданият, маалымат жана туризм министрлигиникин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин тең жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага, Көчмөндөр оюндарына ким даярданат?
Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт. Бул бюджетти өзгөртө турган саясат эмес, өзөртө турган саясат. Өкмөт башчынын отчётун карап, таң калдым. Эки жылда эч нерсе кылбаган өкмөт азыр бир нерсе кылабы? Ал биз эми аракет кылабыз деп жатат. Быйылкы жылы деле ушундай аракети менен жылдын этегинде элдин шоруна калат”, – деп агынан жарылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter