У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайдан Кыргызстанга “Абу-Сахий” ишканасынын эле жүгү кирип жатканын эл өкүлү айтты…


Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков: “Эркечтамда биздин жүктөр өтпөй жатат деп ишкерлер айтып жатышат. Бүгүнкү күндө көбүнчө “Абу-Сахий” фирмасынын жүктөрү эле өтүп жатыптыр”, - деп билдирди. 

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев депутатка: “Мисалы, кечээги күндү айтып кетсем, тогуз машине чыкты. Анын бешөө Кыргызстанга импорттолгон, төртөө транзиттик жүк”, - деп жооп берип, транзиттик жүк кайсы фирманыкы экенин айткан жок.

Жакында эле кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан гуманитардык жардам алган. Укук коргоо органдары «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндөгү күмөндүү схемалар боюнча кылмыш ишти териштирип бүтө электе, өкмөт бул компаниядан ири суммада жардам алганы коомчулукта талкуу жараткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter