У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айгүл Чалова: "Кожоюнум квартирадан чыгарып салса кызым экөөбүз кайда барабыз билбейм"


Күтүүсүз келген сыноо коомдун макияжын жууп салгандай. Мурда билинбеген көйгөйлөр чекесинен кашкайып чыгып жаткан кези. Киреше булагы той-топурдан болуп келген чыгармачыл инсандарга да кыйын болууда. Буга Айгүл Чалованын карантиндеги көпчүлүк эл дуушар болуп жаткан көйгөйдү социалдык баракчасы аркылуу жазып чыкканы мисал болууда. 

“Кожоюнум мен жашаган батир акысын “төлө же чык” деп жатат. “Бир аз коё туруңуз” десем болбой жатат. Кызым экөөбүз кайда барабыз чыгарып салса билбейм. Азыркы убакта квартира издеп көчөлөмөк тургай көчөгө чыга албайсың. Эмне деген кырдаал? Мындан ары жашоо кандай болорун элестетүү да кыйын болгондой сезилип баштады. Жаратканым жардам берээр мээрими чексиз. Бул посттуу үйү жоктор гана түшүнсө керек”,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter