У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Малика Дина: "Жарыялап жасаган жакшылыктарыбыз силер үчүн, урматтуу диван эксперттери!"

Акыркы күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары ырчы-чоорчулардын муктаждарга жардам бергенин өзгөчө талкууга алчу болду. Жардам берсе да, бербесе да сындай берген интернет колдонуучулары аябай көп. Мындай сынчыларга ырчы Малика Дина да жооп кайтарды.

"Мага аябай кызык, силер эмнеге адамды сындагынды жакшы көрөсүңөр? Кээ бирөө эмнеге жакыр эмес үй-бүлөлөргө жардам бересиңер десе, кээ бири эмнеге жалаң даарат кагазы дейт. Урматтууларым, силердин жазган комментарийлериңерди окуп жатып ушунчалык таң калам. Ошол силер жакшы эле жашайт экен деген үй-бүлөлөрдүн балдары майып экен. Көпчүлүгү өз үйлөрүндө эмес, батирлерде жашашат. А кээ бирөөлөр "жарыялабай эле жакшылык кылбайсыңарбы" деп жазат. Жарыялабай жасаган жакшылыктарыбызды кудайым анан өзүбүз билебиз. А жарыялап жасаган жакшылыктарыбыз силер үчүн, урматтуу диван эксперттери! Силер бирөөнү сындап отурганча жок дегенде бир адамга жардам берсин деген ойдо жараялайбыз" дейт ырчы кыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter