У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооруканада жубайы экөө дарыланып жаткан. Сатирик Рахман Разыков коронавирустан улам көз жумду.


Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду.  Куудулдун жакын санаалашы, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, ал коронавирус илдетине чалдыгып, 10 күндөн бери жубайы экөө Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

"Кечээ түштөн кийин ал жаткан ооруканага тамак алып барып киргизгем. Телефондон сүйлөшсөм "бир аз кыйналып жатам, дарылар таасир этпей калды" деп айткан. Жакшы сүйлөй албай телефонду жубайына берген", — деди Садыбакасова.

Рахман Разыков 66 жашта эле. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында туулган. "Бешилик", "Беш-Тапан" куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Анын "Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы" долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Ошондой эле ал куудулдардын сатираларын жазчу, тасмаларда дагы роль жараткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter