У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рахман Разыков: ""Үч пахан" сатирасын 13 жашар бала көрөм деп ыйлап келиптир..."


Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев Оштогу "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" деген чуулуу концертинен улам УКМКга чакырылшканын айтып чыгышты. Разыковдун айтымында алар "Үч пахан" сатирасы үчүн өзгөчө суралган, аны койбой эле коёлу десе өспүрүм бала ыйлап суранган...

"Программаны мен түзөм. Үчөөбүздүн концертибиз 1-5-январь аралыгында Ошто болду. Концерттин биринчи күнүн Ош ТВ телеканалы эфирден кетирбей койду. Эртеси күнү эле үчөөбүздү башкармалыкка чакырышты. Барганыбызда концерттик программадан "Үч пахан" деген интермедияны алып салуубузду айтышты. Эмнеге дегенибизде "тамашада талапкердин беделени шек келтирген учурлар бар" дешти. Концерт бүткөндө 12-13 жаш чамасындагы баланы ата-энеси алып келишти. Өспүрүм "Үч пахан" деген тамашаны эмнеге койбой койдуңар, мен ошону көрмөкмүн" деп ыйлап алыптыр. Ага кантип түшүндүрөсүң?" дейт ал.

Ошондой эле буга чейин деле бийликти сындап келишкенин, бирок эч бир мындай бут тосуулар болбогонун кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter