У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Анжелика: "Ачылып, чачылуунун кереги жок экен..."

Ырчы Анжелика инстаграмдагы баракчасы аркылуу ийгиликтерин, кайрымдуулук акцияларын, жашоосундагы жакшы көз ирмемдерин, жүрөгүндөгү ойлорун бөлүшүп турчу. Шоу дуйнөсүнүн күйөрмандары ага каалоо-тилектерин, сындарын жазышаар эле. Ырчы айым жүрөгүндөгү сезимдери, ой толгоолору менен мындан ары бөлүшпөй тургандыгын маалымдады. Буга ырчынын сындагандардын ачуу сөзү себеп болгонун баса белгиледи. 

"Адамдын этин тирүүлөй жей турган заманда жашап жатканымды эми билдим. Кечиргиле! Эч кимден бир тыйын сурабай кыздарымды багып, 300 айымдын жашоосуна бактылуу көз ирмемдерди тартуулай алдым! 5жыл бою кышы -жайы азык , көмүр таратып эле жүрөм өз кирешемен. Көп жакшы иштерге көпүрө болдум. Беш айымга кымбат операция жасатым бердим. Калганын Аллах билсе болду. Ылайым билмексен болуп, ажырашкансын сен дей бергиле! Биздин менталитет ушундай экен. Бирок, калп эле силерге идеалдуу болуш үчүн жасалма жашоодо жашай албайм. “Элдер сенден бурулуп кетпеш үчүн АЖЫРАША АЛБАЙСЫҢ”- дегенде мен арыз жазгам , ооба балким туура эмес кылгам. Бирок мен өзүмдү алдабай, каалаганымдай жашап келе жатам. Баары башка нукта болот. Ачылып, чачылуунун кереги жок экен. эмне болсо эле "жал.п" дегенден башка сөз жаза албаган баатырлар! Бар болгула!" дейт ырчы айым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter