У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тайлак баатыр тууралуу кыска метраждуу фильм тартылууда


Нарын областынын Ак-Талаа районунун Куртка айылынан чыккан айтылуу Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) туурасында кыска метраждуу фильм тартылып жатат. Бул тууралуу  Нарын облустук жрама театрынан кабарлашты. 

Алардын айтымында фильм Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттеринин күчү менен экрандаштырылып, Ак-Талаалык жеке ишкер Мирбек Раимов тарабынан каржыланууда.

"Тайлак баатырдын ролун актёр Жолдошбек Жанжигитов ойноп жатат. Тартуу иштери 1-февралда "Таш-Рабат" тарыхый комплексинде башталды. Андан соң "Кошой-Коргон" тарыхый аймагында, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын сахнасында эпизоддор тартылат", — дейт театрдын адабий бөлүм башчысы Гүлнура Акунова.

Тасманы тартуу идеясын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу көтөрүп, сценарийин тарых илимдеринин кандидаты Кайнарбек Бийлибаев экөө жазган. Режиссёру - Медин Учукеев.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter