Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
- 28.01.2021, 09:31,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-январда саат 14:00дө Бишкектин Герцен көчөсүндөгү үйүндө болот. Кыргызстандын Жазуучулар союзу маалымдагандай, Рыскуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январда 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Көптөн бери ооруп жүргөн акын акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.