Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жаӊы жетекчи дайындалды
- 27.01.2021, 12:48,
- Маданият / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ырчы Самара Каримова директор болом деп, бирок окуу жайдын жамаатынын нааразычылыктарынан улам директорлук кызматтан баш тарткан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда директор болуп дайындалды.
Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды.