У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эркин Эгенбердиев, актёр: "Комедиядан башка жанрда да өзүмдү сынагым келет"


Актер, сценарист, режиссер, обончу, алып баруучу, айтор тизмектей берсе аягы түгөнбөгөн ар кыл таланттын ээси Эркин Эгенбердиев качан көрсөң талыкпай эмгектенип, изденүүдө жүргөнүн баамдоого болот.  Аракетчил мырза менен маек курдук.

- Эркин мырза, акыркы учурда сиздин автордук ырларыңызды аткарган жана сиз клип тартып берген ырчыларды көп көрүүдөбүз. Быйыл өзгөчө чыгармачылык эргүү менен иштедиңиз көрүнөт?
Эми эмне дейм, колубуздан башка иш келбейт экен да. Бизнес кылуу, куруучу болуу сыяктуу иштерди жасай албасак да чыгармачылыкта колдон келишинче эмгек кылып жатабыз. Ильхам деле дыйкан эккен жемиштей акырындан  бышат тура. Менин ильхамым  бышып, мөмөсүн берип жатат окшойт деп ойлоп жатам. Колдон келип турганда кылып алалы. Бир күнү биздин ордубузду башка келечек ээлери басат эмеспи, аларга жакшы жол көрсөтүш биздин милдет да.

- Жубайыңызды да чыгармачылыкка аралаштырдым деп жатасыз, ушул тууралуу да айтсаңыз? 
Жубайым Диана бала кезинен эле жакшы ырдайт. Ырчылык анын кичинесинен эңсеген тилеги. Мурда айтканда капырай, эми жаңы баш кошуп эле чыгармачылыкка киришпей үй-бүлөнү пландаштырып, мага экини төрөп берсең анан чыгармачылыкты ойлонолу дегем. Келинчегим сөзүнө туруп, мени эки кыздуу кылды. Анан мен кой кокуй сөзүмө турайын деп ыр жаздырып, клип тартып бердим. Эми чыгармачылыкка белсенип киришип жатабыз.
 
- Чыгармачыл инсандардын ийгилиги канчалык артса элдин сыны да көбөйөт эмеспи. Баамдап жатасызбы? Реакцияңыз?
Элдин сыны, элдин чыры, элдин ыры демекчи чынында сындар айтылып турат. Студент кезимде агайымдын иштеген адамга сын көп болот, демек сен эмгектенип жатасың, сени сындабай, сен жөнүндө сүйлөбөй калгандан корк дегени эсимде, ошол сөздү туу кылып келем. Ойлоп көрсөм чын эле иштесең, ишиң элге чыкса эл сынабаганда ким сындайт, иштебесең элге чыкпасаң сени ким билет эле...

- Сизди көбүнчө комедия жанрында жараткан образдарыңыз менен тааныйбыз. Башка жанрларда да өзүңүздү сынап көрөйүн деген планыңыз барбы?
- Ооба башка жанрда өзүмдү сынагым келет. Мени жакшы режиссер сырттан карап, байкап, өзгөртсө албетте бардык жанрда роль жаратууга аракет кылам. Берген ролдорду ойноп келе жатабыз, бербей калса эмне кылат элем... Бардыгына шүгүр келтирем. Ниетим ак болсо, кудайым буюрса күндөрдүн бир күндөрүндө башка жанрларга да чакырышаарына көзүм жетет. 
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter