Жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дека кечээ 12-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде кызына жээнтек той беришти. Жакшылыкка түгөйлөрдүн тууган-уруктары, жакшы санаалаштары жана сахналаш достору чакырылды. Ырчылар 2019-жылдын март айында баш кошуп, 2020-жылдын январь айында кыздуу болушкан.