У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы!


Бүгүн, 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күндүн урматына бир топ театр кызматкерлери акыркы мезгилдеги чыгармачылык изденүүсү үчүн түрдүү сыйлыктар  менен сыйланышууда. 

Тарыхка көз чаптыралы, 2-ноябрь - Кыргыз маданиятынын түптөлүшүнө жол ачылган күн. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргыз тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган.

Бийлик башчылары бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда Кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган эки жогорку окуу жайы, 8 толук эмес жогорку жана орто окуу жайлары бар.
Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги алгач 1953-жылы 15-мартта негизделген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги болуп өзгөргөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter