У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Саниа түрк жигитине турмушка чыгат


Кыргыз шоу бизнесинде жаңыдан таанылып келе жаткан ырчы кыз Саниа түрк жигиттине турмушка чыгаарын басма сөз булактарынын бирине маалымдады. Ал турмушунда өзгөрүү болгонун, жолдошу менен ажырым жолго түшүп, чыгармачылыгын Түркия мамлекетинде улантаарын айткан. Көп өтпөй биротоло түрк туугандарга баш байлаганын кабарлады.

"Сүйүктүүм экөөбүз Жаңы-жылда клубдан таанышканбыз. Аты Исмаил Али, жашы менден кичүү. Кийинчерээк экөөбүз бир академияда окуп жатканыбызды билип аябай таң калдык. Исмаил менен таанышкан учурда мен депрессияда жүргөм. Ошондо мени моралдык жактан колдоп, көңүлүмдү ачканга аракет кылып, чайга чакырып баары жакшы болорун айтып жүрдү. Бара-бара дос болуп кеттик. Туулган күнүмдү 6-март деп ойлоп, түнкү саат 00:00дө келип күтүүсүз белек жасады. Бриллиант шакек тартуулады. Айтор күтүүсүз белектерди жасап, таң калтырып жатат. Мени дагы сүйө турган адам бар экен, мен бактылуумун", - дейт ырчы кыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter