Өчпөс талант Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгы өтөт
- 18.02.2020, 16:00,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өрүкзарлуу Баткендин өчпөс жылдызы, кыргыздын таланттуу обончусу Апаз Жайнаковдун быйыл 60 жылдыгы. Мына ушуга байланыштуу улуу инсандын атын алып жүргөн Баткен облустук музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамааты эскерүү кечесине кызуу даярдык көрүүдө. Иш чара үстүбүдөгү жылдын 6 - мартында Апаз Жайнаковдун туулган күнүндө Баткен шаарында өтөт. Кечеде театралдаштырылган көрүнүштөр жана Жайнаков жаратып кеткен обондор ырдалат. Андан сырткары борбор калаа Бишкекте да эскерүү кечеси улуттук филармонияда 13-мартта өтмөкчү. Бул тууралуу Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрынан кабарлашты.
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак