Асел Кадырбекова сакайып үйүнө чыкты
- 03.08.2020, 20:19,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ырчы Асел Кадырбекова сакайып ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Асел өз үйүндө. Азыр ага жолдошу, ата-энеси, жакындары кам көрүшүп, моралдык колдоо көрсөтүшүүдө. Ырчынын ден соолугу абдан жакшы, бирок толук калыбына келе элек.
Эске салсак, 26-июнда ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Анын акырегине операция жасалып, ал ийгиликтүү өткөн.