У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Замир Казакбаев: "Ыктыярчылардын арасында тикирейип теңтушу менен короодо отургансыгандар да бар экен..."


Президенттин ыктыярчылар менен жолукканы аягы түгөнбөгөн узун кеп болмой болду. Президент менен жолуккан ыктыярчылардын арасындагы шоу бизнестин өкүлдөрү ат тезегин кургатпай улам-улам түрдүү сөздөрдү айта берип, талкууга жем ыргытып, элди зериктирбей жатышат. Мындан улам ыктыярчылардын арасына айрым шоу бизнестин өкүлдөрү кошулуп калганына нааразы болгондор четтен чыгууда. Интернет колдонуучуларынан тартып, эл тааныган адамдарга чейин  алар  тууралуу пикирин айтып жатышат. Белгилүү диджей Замир Казакбаев да өз пикири менен бөлүштү. 

"Дагы бир нерсе айтайын. Тепки жебей жүрдүм беле!
Муну деген, деңгээл деп коет. Менин оюмча президент ыктыярчыларды кабыл алууда, бир эле нерсени эске алышы керек болчу. "Кимдер менен жолуккан атам, анан эмнеге?" деген суроону берген эмес.  Ооба ыктыярчылардын арасында татыктуулары да, татыксыздары да бар экен, тикирейип теңтушу менен короодо отургансып...Кабыл алганга жараша... Кабыл алганга жараша...жок дегенде медиктерди кошуп койбойбу? Болбосо, миллиондоп берип аткан Кыргызстанда, чет өлкөдө жүргөн мен-мен деген меценат, бизнесмендерди  чакырса болбойбу? Элден чогулган акчаны өз дарегине мен, сен деле жеткиргенди билип атабыз! Бирок эл демекчи, эл ичиндеги жеке ишкерлердин эмгектери опол тоодой болуп турат го. Ооба, активистер уюштуруу иштерин кылып атышат, молодцы! Бирок бул,ооруну жеңгенден кийинки өкмөт же мэр менен уюштурула турган, (не формальный) ыраазычылык ирээтиндеги жолугушуу болушу керек эле да. Ушунча болгондон кийин, меценат, бизнесмендерди позиция-оппозициясын кошуп туруп чакырып алып, "Мен силерди колдойм, жумуш ордун түзгүлө, менден эмне жардам керек? Экономикага салымыңарды кошкула! Деп эле койгонунда, бизнесмендерге кандай мотивация,стимул болот эле? Элдин калың катмарына жардамды дал ошол колунда бар жеке ишкерлер кылып атат го. Өкмөттүн абиирин дал ошол меценаттар жаап атат го? Мен жолугушууга барган активисттерди татыктуу эмес, дегим келбейт. Бирок президент деген, президенттей болушу керек! Бул жолугушууну ким уюштурса дагы, дагы бир жолу президенттин беделин түшүрдү! Укту- жоопсуз кетишти...ну и что? Элдин камын көрүп аткан ишкерлерди колго албайбы эстүү киши, кодулабай!
Каап...катчынын катасыбы же....???" дейт Казакбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter