У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнур Сатылганованын атын пайдалангандар кимдер?


Социалдык тармактар активдүү колдонула баштаганы, түрдүү компаниялар ар кандай дары-дармек, чай-чемегин интернет аркылуу жарнамалап калышты. Мындай компаниялар атактуулар менен тыгыз байланышта иштешишет. Себеби атактуулар колдонгон продукциялар тезирээк өз кардарын табат. Бирок айрым компаниялар атактуулардын атын сатып, алдамчылык жол менен күн көрүп жатканын кездештирүүгө болот. Мындай окуяга туш болгондордун бири КР эл артисти Гүлнур Сатылганова болду. Ал  атын пайдаланып, товарлар өткөргөндөргө нааразы экенин айтты. "Бети жок, уяты жок, алдамчы аферисттер! Калп рекламага ишенбегиле. Менин атымды, эски сүрөттөрүмдү колдонушуп, фотошоп кылып алдап, элдин башын айлантып бизнес кылып жатышат" дейт эл артисти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter