Жылдыздуу түгөйлөр үчүнчү ирет кыздуу болушту
- 11.06.2020, 08:47,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери, жылдыздуу түгөйлөр Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова үчүнчү ирет кыздуу болушту. Бул тууралуу Арнис Кыдырмышев маалымат булактарына сүйүнчүлөдү.
"Кызымдын да, Альбинанын да абалы жакшы, Кудайга шүгүр. Азыр алар шаардагы №4 төрөтканада, кызымдын салмагы 3 килограмм 250 грамм, бою 51 сантиметр дешти дарыгерлер. Аман- эсен жарык дүйнөгө келгенине шүгүр", - деди Кыдырмышев. Наристенин бешик боосу бекем болсун дейли.