У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Актер оор абалда ооруканага барса, коронавирустан анализ талап кылып, кабыл албай коюшкандыгы айтылууда


КР эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевден айрылып, дагы бир талантты колдон учурдук деп кайгырып турган учурубуз. Кесиптеши, белгилүү актер Улан Өмүралиев Марат Жанталиев оор абалда ооруканага барса дарыгерлер коронавируска анализ талап кылып кабыл албай койгондугун жазып чыкты. Анын айтымында актерду Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы  кабыл албай койгон.

"Оор абалда спец поликлиникага барса албай коронивурустан анализ керек деп. Эмне деген айбандык, Элмирбекте деле ушинтип койбодуңар беле. Эми Эл артистер , Эмгек сиңирген артистер ошол жерге тиркелген да. Ушунча эмне кыйнадыңар. Аягында Чүй больницага кечигип барып калды. Гиппократка берген ант кана? Мен түшүнөм карантиндебиз. Ал эми короновирустан анализ бир суткада даяр болот. Эми минтип аябай кыйналып турган артиске жардам берип койсо болот беле? Депутат же министр болсо эшигиңерди кантип ачканыңарды билбей калмаксыңар.  Айла жок жөнөкөйлүгүнөн улам жөнөкөй , кичи пейил , эч жамандык кылбай кеттиң. 
Маңдайыңызга жазган ушундай экен. Медиктерди да түшүнөбүз аларга да оор. Бирок минтип жардам берип койсо деген бойдон калдык" дейт Өмүралиев.

Эске салалы, Элмирбек Иманалиев дүйнө салганда да дал ушул Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы кабыл албай койгон деген кеп тараган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter