У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Анжелика: "Мен кандай чүпөрөктү жамынсам дагы- анын көркүн ачам"


Анжелика тууралуу түрдүү кеп токуп, анын жеке турмушуна кызыккандар көп. Андайларга ырчы байма-бай жооп берип келет. Бул сапар "кымбат, "бренд" кийимдерди кийбейсиңби" дегендерге жооп берди. 

"Эс алып эле жүргөндөй жашоону көп инста баракчалардан көрөсүң. Ойлойсуң, жашоосу жомок деп. Жеке менде андай эмес. Терең дем алып, жылмая карап бир чырк этип, тамактанбастан кумурскадай тытынмай. Менин режимиме, активдүүлүгүмө  бирөө дагы чыдабайт. Канчалык алдыга кеткен сайын ошончо жоопкерчилик жана чыгым. Бирок, кийинип, катуу сүйлөп, кымбат ресторандардан тамактанып жашагандай көрүнгүсү келгендерге бир кайрылуум - кайсы арыңарга? Дагы уялбай, жалаң “бренд” кийим кийбейсиңби дегендечи... Мен кандай чүпөрөктү жамынсам дагы анын көркүн ачам. Бардык нерсе адамдан. Адамдык сапатты биринчи орунга коюп, кайрымдуу болуп, жаман жашап, кыйналып жаткандардан жийиркенбе!!! Жашоо бумеранг!" дейт ырчы айым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter