У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айпери Кубик кызы: "Кайсы кылганым үчүн? Ал адамдын мынчалык пас экенин эч ойлобойсуң!"



Ырчы Айпери Кубик кызы жакында эле муктаждарга жардам бергенин, бизнес жаатына өтүп жатканын жана белгилүү бизнесмендердин бири Урматбек Барыктабасов менен таанышканын, көп кеңешин укканын жазып чыккан. Бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, ар ким ар кандай пикир калтырган. Көп өтпөй ырчы элдин сөзүнө көнүп калганын айтып, эң жаманы  жакын адамдарынын ушактаганы экенин баса белгилеп, нааразычылыгын жазып чыкты.


"Жок дегенде ушул улуу айда бир аз Аллахтан коркушса да... Адамзаты ушундай калк болот экенбиз. Көрө албастык,ичи тардык, ушак!!!Сага күйгөн адам болуп, дос тутунуп, үйүңдөн даам сызып жүргөн жакын адамың!Ал адамдын мынчалык пас экенин эч ойлобойсуң! Бетиңе күлүп,сага күйүп, мактап, жакшы сөз айтып жүргөн адам, артыңдан канчалык сени шыбаганын, ушактаганын, жалаа жапканын, дагы да болсо ойдо жок нерселереди кошуп сени бүткөн адам кылып койгонун билип калсаң...

Неге? Неге? Эмне үчүн? Кайсы кылганым үчүн, деги мен эмне кылдым? Кылган жакшылыгым, дасторконум, чын жүрөгүмдөн жылуу мамилем эле болбосо...Милдет кылбайм!!!Бирок бул жалганда ушундай ачуу нерселер, жасалма адамдар өтө көп болот экен!!!
Ооба, менин жумушума байланыштуу ушактарга жана башка сөздөргө эчак көнгөм! Себеби мени жакындан билбегендер ар кандай сөз айтат.

Бирок, жакын адамыңдан мындайды укканда кечирип кой экен да...Ушактаарын ушактап алып, кайра эчтеке болбогондой бетине тике карап сүйлөсө өзуң  уялып кетесиң деп кой...Тообо...Эмнеге адамдар мындай болот ыя???" 
дейт ырчы кыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter