Түркиядан Кыргызстанга 466 жаран кайтып келет
- 29.06.2020, 09:11,
- Коом
- 450
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанга 2 каттам менен Түркиядан 466 жаран кайтып келет. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чартердик 2 аба каттам уюштурулуу чечими кабыл алынды.
«Пегасус» авиакомпаниясынын Стамбул—Бишкек багытындагы учактары 2-4-июль күндөрү саат 08:00дө Стамбул шаарындагы Сабих Гөкчен атындагы эл аралык аэропорттон учуп чыгат.
Кезек менен 233 жүргүнчүгө билет берилип, жалпы 466 жаран кайтып келет. Ал эми билеттер 1-июлда саат 02:00гө чейин, 4-июлдагы каттамдын жүргүнчүлөрүнө 3-июлда саат 02:00гө чейин элчилик жана башкы консултук тарабынан түзүлгөн тизме менен сатылат. Билет 220 долларга, 2 жашка чейинки балдар үчүн 23 долларга бааланат.