Москва шаарында карантин 31-майга чейин узартылды
- 08.05.2020, 13:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мэр Сергей Собянин коронавируска байланыштуу Москва шаарында карантин 31-майга чейин узартылганын жарыялады. Ал кафе-ресторандар, театрлар, спорттук мекемелерди ачуу азырынча эрте экенин белгиледи.
Ал эми Москва шаарынын ичинде жүргөн унааларга өткөрмө кагаздарды бир жумада эки жолу алууга болот. Медициналык мекемелердин кызматкерлери менен ыктыярчылар күн сайын алышат.
Карантинди узартууга жүйөөлүү себеп бар. Себеби Россия дүйнө жүзү боюнча вирус жуктурган бейтаптардын саны менен 5-орунга (АКШ, Испания, Италия жана Улуу Британиядан кийин) көтөрүлдү. Тактап айтканда, Германия менен Франциядан ашты.