"Уулум биздин үй-булөнүн сыймыгы болчу"Балам мектепти жакшы окуду. Турмуш шартыбызга байланыштуу жогорку билим ала албай калды. Бирок өзүнүн аракети менен бизнес чөйрөсүнө өтүп, ийгиликтүү иштеп жаткан. Өтө эмгекчил болгондуктан жер айдап эгин эгип, жер-жемиш багып баарыбызду бутубузга тургузду. Эл деген жаман экен, көрө алганы да, көрө албаганы да четтен чыкты. Көз арткандар арбыды. Сөз тийдиби, көз тийдиби ким билсин, эл катары үйлөнүп кыздуу болгондо келиним экөө эки ажырым жолго түшүп кетишти. Себебин көп талдадык, жараштырууга аракет кылдык бирок болушкан жок.
"Турмуштан жолу болбой калды"Ажырашуу уулума чоң сокку болду окшойт... Ишин да, туугандарын керек болсо мени да ойлогусу келбей калды. Тартиптүү уулум бара-бара көп ичкен адат тапты. Тапкан акчасын көрүнгөнгө чачып, чөйрөсү да бузула баштады. Ичпе деген сөздү укпайт. Келиним болсо ошол бойдон кайрылып келбей койду. Экинчи жолу турмуш куруу тууралуу сөз кылсак негедир көңүлсүрөбөй койду. Аял алып эле ким жыргаптыр деп кас-курс этип тим болот. Тапканын көбүн сайрандап эле коротчу болду. Айлам кеткенде сиңдимдин кызына сүйлөшүп, алып берейин дедим. Уулумду кыйнап үйлөндүрдүм.
"Күтүүсүз жерден ооруп калды..."Бөлөсү экөө тил табыша алышкан жок окшойт. Балам үйлөнөөрү менен эле Россияга кетип калып, таптакыр келбей койду. Бир жагымда сиңдимдин кызы, бир жагымда уулум... Айтор экөөнү бириктире албай эки оттун ортосунда калдым. Сиңдим буркурап ыйласа жанына киши тура албайт. Айтор убалына калдым...Сиңдимден кечирим сурап, төркүнүнө жеткирип бердим. Мындай шумдук болоорун кайдан билдим...
Балаң чоңойгондо түйшүк тарттырса азаптын азабы ошол экен. Ошентип экинчи жолу да турмуштан жолу болбогон балам катуу стресс алды окшойт...Күндөрдүн биринде Россиядан телефон чалышып, уулумдун ооруканага түшкөнүн кабарлашты. Эс-учумду жоготуп, шашкалактап жетип бардым...
"Онкологиялык оору менен жабыркап калды..."Катуу стресстен улам уулумдун мээсинде шишик пайда болуптур...Иштебесин, өзүнө кам көрсүн, башын операция кылсак ойгонбой калышы мүмкүн, шишик дагы өөрчүбөш үчүн жакшы маанайда, оор жумуш кылбай жашасын деп дары-дармек жазып берип ооруканадан чыгарышты...Азыр айылдабыз. Жанында же жубайы же балдары жок. Кичүү улум агасынын ишин улантам деп Бишкекке кетип, азыр уулумду караган жалгыз эле менмин. Тамакты тандап ичет, бир аз ойлонсо эле кан басымы көтөрүлуп, кыйналат... Өзүңдү аясаң боло десем эле баары бир өлөм деп бурк этет... Картайганда мага кыйын болду... Уулума көз тийди...Кандай айла кылаарды билбейм...