Вирус жуктурган медкызматкерлердин саны 200гө жетти
- 02.05.2020, 11:06,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2-майга карата акыркы бир сутка ичинде вирус жуктуруп алган 2 медицина кызматкери катталды. Бул тууралуу, республикалык штабдан билдиришти.
Вирус жуктургандардын бирөө Ош облусунан, бири Жалал-Абад облусунан экени айтылды.
Ушул менен өлкө боюнча вирус илдетине чалдыккан медицина кызматкерлердин жалпы саны 200гө жетти. Алардын 122си айыгып чыгып, жумуштарына киришти.