У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев, «Эт сурабагыла, биз эт бербейбиз»



Өзгөчө абал киргенден тарта ушул кезге чейин борбор калаада 74 миң үй-бүлө азык- түлүк жардамын алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев брифинг учурунда билдирди.

Мындай жардам мамлекет жана жергиликтүү ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлүүдө.
 
“Өкмөт берген 6 миң кап ундун 300-400 кабынан баш тарткандар болду. Алар өздөрүндө жетиштүү болгону үчүн жардамды башка муктаждар алсын дешти. Материалдык жардам алгандар “булардан башка азык-түлүктөр барбы, качан эт алып келесинер?” деген суроолорду бере баштады. Демек буга чейинки биз тараткан жардамдар даректерине жеткен. Биз эт тараткан жокпуз, балким жеке тараптар берип жаткандыр. Эт сурабагыла, биз эт бербейбиз”, — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал гуманитардык жардам муниципалдык аймактын башчыларынын жакындарына гана берилип жатат деген маалымат чындыкка коошпой турганын эскертти. 
 
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын ичинен 416 адам айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter