Мектептерде 10, 20, 30, 40 жылдыктарды өткөрүүгө тыюу салынат
- 27.04.2020, 14:55,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Дүйнө жүзүндөгү түзүлгөн кыйчалыш кырдаалга байланыштуу жыл сайын өткөрүлүп жүрүүчү мектептердин, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн салт болуп калган 10, 20, 30, 40 жылдык мааракелерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат.
Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 27-апрелде брифингде билдирди.
Коменданттын айтымында мындай мааракелерди өткөрүү өзгөчө абалдын эреже-талаптарын бузат. Быйылкы окуу жылында мектептерди, окуу жайларын аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн да чогулуп сайрандашына, жаратылышка чыгып эс алышына жол берилбей турганын эскертти.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Бардык билим берүү уюмдары карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер аралыктан окутуу системасы аркылуу билим алуусун улантып жаткан убагы.