Окуу жылы узарбайт, окуучулар жайкысын окубайт
- 21.03.2020, 19:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Окуу жылы узарбайт, окуучулар жайкы каникул учурунда окубайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында министрликте окуучуларды карантин убагында аралыкта окутуу программалары иштелүүдө.
"Биздин милдет бардык окуучуларга интернеттин бары-жогуна карабай маалыматты толук жеткирүү. Интернет, телевидение аркылуу окуучуларды аралыкта окутуу программаларын иштеп жатабыз", - дейт министрдин орун басары. Буга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларга ылайыкташтырылган прогораммалар министрликтин сайтына жайгаштырылмакчы.