24-апрелде дагы 25 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды
- 24.04.2020, 10:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
24-апрелде коронавирус илдетине чалдыккан 25 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаӊы катталгандар: Ош облусунда -3, Ош шаарында- 3, Чүй облусунда -4, Нарын облусунда-9, Бишкекте -6 адам.
Ушул менен вирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 656 адамга жетти. Анын ичинен 322 бейтап айыгып чыгып, 8 адам каза тапты.