У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” футбол академиясы ачылды


 Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы 29-августта расмий ачылды.
 
Салтанаттуу бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келишти. 
 
Академиянын ачылышында “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта Кыргызстанда "Барса" футболдук академиясы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ачылып жатканына сыймыктанып, бул иш-чара эки элдин мамилесин жакындатат деп билдирди. 
 
Ал өз сөзүндө: "Барса" футболдук академиясы Борбордук Азияда биринчи жолу ачылып жатат. Мен аябай сыймыктанып турам. Мен Барсанын күйөрмандары Кыргызстанда көп экенин көрүп турам. Барсанын бул Кыргызстандагы биринчи кадамы. Бишкекте дагы Барсанын дагы бир клубу ачылат. Биз бул тажырыйбаны дүйнөгө таанутууну максат кылганбыз. Буюрса жаштарга максатка жете турган үлгү болчу академиясы болот деп ишенем", - деп билдирди. 
 
Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футболдун орду Кыргызстанда да жогору экенин айтты.
 
“Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп эсептелет. Дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда дагы футболдун абырою абдан жогору, күйөрмандары жүз миңдеп саналат. Азыр биз өлкөбүздүн ошол жүз миңдеген күйөрмандарына, жалпы эле кыргызстандыктарга жакшы саамалык тартуулоонун астында турабыз”,-деди Садыр Жапаров. 
 
Ал “Барселона” футбол клубунун Борбор Азиядагы тунгуч академиясынын салтанаттуу ачылышы менен куттуктап, бул академиянын ачылышан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эмгеги зор экенин баса белгилеп, академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошооруна ишене турганын билдирди. 
 
“Академиянын тарбиялануучулары келечекте Улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргойт деп үмүттөнөм. Дүйнө чемпионатында ойноо жөн гана куру кыял болуп калбастан, жакынкы мезгилдерде ал кыялдар иш жүзүндө орундаларына бекем ишенем”,-деп билдирди президент Жапаров.
 
Ачылыш аземинен соң, "Барсанын" Кыргызстандагы жаңы клубуна 13 жаштагы өспүрүм балдарды тандоо максатында клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Ривалдонун катышуусунда футболдук беттеш өттү. 
 
Белгилей кетсек, эртең 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter