Ноокатта тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды
- 18.04.2023, 14:31,
- Коом / Жаңылыктар
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
«Шектүү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал арыз ээсин кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтоткондугу үчүн 100 миң сом талап кылган», - деп айтылат маалыматта.
Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам соттун чечими менен камакка алынып, 12-июнга чейин Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.