У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 26 жаштагы жаран өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды


Ошто  адам өлүмү катталып, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалды.  Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран маркумдун уулу болот. Окуя 7-апрелде болгон. Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна бычак менен эки ирет сайып жиберген. Алган жаракатынан улам шектүүнүн 1967-жылы туулган атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмышка шектүү милицияга өзү барган. 
 
Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалында болушкан. Ошол күнү маркум баласынын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн үйүнө барган. Пикир келишпестиктен ортолорунда чыр чыгып, окуя кайгылуу аяктаган.
 
Милициянын маалыматына ылайык, 1997-жылы туулган шектүү мурда 2 жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 
 Аталган кылмыш иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. 


Пикир калтыруу
Your  passion for the biggest web slots shines through. What a fantastic resource.  สล็อตเว็บใหญ่  สุด
I avoid slots that  have a reputation for breaking easily.  เว็บตรง  แตกง่าย
On that site page, you'll see your depiction, for what reason not read through this.  เว็บรวมสล็อตทุกค่าย
This post is extremely easy to peruse and acknowledge without forgetting any subtle elements. Incredible work!  สล็อตโรม่า

All things considered I read it yesterday yet I had a few musings about it and today I needed to peruse it again in light of the fact that it is extremely elegantly composed. Pokdeng
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter