У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Аяна Касымова жолдошу менен ажырашуусунун себебин айтты


Ырчы Аяна Касымова жолдошу менен эки башка жолго түшүүсүнүн себебин айтты. Бул тууралуу  ал Адилет Ногойбаевдин YouTube каналына берген маегинде айтты.
 
Айтымында, жолдошу менен бүгүнкү күндө деле байланышып турат.
 
“Мен болгону башка жашоону, башка багытты тандадым. Коргоону сезбеген, мага жайлуу болбогон үйдөн кеттим. Мен келинмин да, дайыма бир нерсе жасап турушум керек. Мындай чөйрөдө өзүң үчүн жашоо мүмкүн эмес болчу", - деп билдирген ырчы.
 
Ырчы белгилегендей, жолдошу үйдүн улуусу болгон. Алардын өзүнчө бөлүнүп жашоосуна ата-энеси каршы болушкан.
 
“Бир ашканага эки кожойке батпайт деген жашоо чындыгы. Кандай гана аракет болбосун, баары бир пикир келишпестик, тигил же бул нерсе жакпайт деген нерселер болот”, -деди ал. 
 
Эске салсак, Аяна Касымова 2022-жылы июнь айында турмушка чыккан. Ал  жолдошунун талабы менен чыгармачылыктан баш тартканын да кошумчалаган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter