У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бизде жетиштүү далилдер бар. Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран боюнча милиция маалымат берди


 Бишкек шаарындагы 5-кичирайондогу үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди.
 
«Шектүүнү күнөөлүү деп табууга бизде жетиштүү далилдер бар, тергөөнүн купуялыгынан улам толук маалымат бере албайбыз», - деди Майлыбеков.
 
Эске салсак, 16-февралга караган түнү Бишкек шаарында 50 жаштагы аял эки баласы, 2005-жылы туулган кызы жана 2016-жылы туулган уулу менен өз батиринде өлтүрүлгөн.
 
Кылмышка шектелип Кадамжай районунда туулган Аширалиев Чынтемир Камчыбекович өз үйүнөн кармалган. Ал 1986-жылы 3-ноябрда төрөлгөн. Юридикалык академияны юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
 
Аширалиев кол күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана Баткен району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
 
УКМК шектүү атайын кызматта иштегенин тастыктады — ал 15 жыл мамлекеттик күзөттө кызмат кылган.
 
Шектүү үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter