У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ыдырыс Исаков: "36 бала бакчаны УКМК баш болуп, калганы төш болуп элге кайтаргыла"


 Бул тууралуу журналист Исаков өзүнүн фейсбук баракчасына жазды:
 
Абиров мандатын тапшырып койгону мыйзамдуулук орноп калды дегенди билдирбейт али. Ошондуктан, көңүлүңүздөрдү башкага бургум келет. Ошто 1989-жылы 100 миңдей калк жашаган. Ошондо шаарда 71 типтүү бала бакча бар эле. А 1990-жылы 41 бала бакча жабылган.

-4 бала бакча мектепке айландырылган. 
-13 бала бакча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга өткөн.
16 бала бакчаны турак үй, цех, мейманкана, офис кылып алышкан. 
-2 бала бакча жөндөн-жөн эле иштебей жабык турат. 
-1 бала бакча балдар үйү болуп калган. 
 
Жалпысынан азыр Оштогу ошол 36 бала бакча башка максаттарда иштеп жатат. Анын ичинен төрт мектеп менен бир балдар үйүнөн башкасы элге кайтыш керек. Жок дегенде алар мурунку багытына кайтарылыш керек. 
 
Ошол 36 бала бакча мурунку багытына кайтса, жок дегенде 3500 баланын багы ачылмак. Ошолор келечекте наны бүтүнүрөөк болуп чоңоймок. Миңдеген ата-эне бакча жетекчилери пара сурады, баламдын кезеги артка жылып кетиптир деп мага окшогон жиндиге чалбай калмак. 
 
Ошол 36 бала бакчаны УКМК баш болуп, калганы төш болуп элге кайтаргыла, сураныч. Болду эми, жетишет. Ар ким өз тирилигин өз күчү менен кылсын. Унчукпайт дем эле балдардын токочун тартып алганынды токтотолу. Балдардын мүлкүн балдарга кайтарып берели. Ансыз да коомубузда бир аз бура сүйлөсөң түшүнбөй калчу тузу кем жаштар көбөйүп кеткен. 
 
Баса, балдарыбыз бакчага барса, абировдор “аптаритет” болмок эмес. Андай аптаритеттер парламентке жоломок эмес. Күнөө Абировдо эмес, күнөө бакчаларды башка максатта пайдаланып, балдарды майып кылган биздин чоңдордо, талап кылбаган, кайдыгер болгон, кол шилтеген бизде, элде, өзүбүздө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter