У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сотторго нааразычылык күчөгөнү аябай өкүндүрөт


 Садыр Жапаровдун адвокаты катары элге таанылган Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотуна студья болуп келгенден бери Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразычылык күчөдү. Буга себеп соттук чечимдер акыйкатсыз болуп, күнөөлүү тарапты актап койгон учурлар көп болууда деп жабырлануучулар айтышууда. 
 
Шаардык сот улам бир адилетсиз чечимдери менен элди иренжитип келет. Буга мисал катары, 17- март күнү өзгөчө оор кылмыш менен кармалган Керимбеков Шертбекти үй камагына чыгарганын айтсак болот. Канчалаган үй-бүлөлөрдү сыздаткан бул адамды үй камагына чыгаруу акылга сыйгыс чечим болду. Ал өз күнөөсүнө жараша камакта калышы керек эле. Тилекке каршы, Бишкек шаардык сотунун судьясы күнөөлүү тарапты угуп, жабырлануучулардын укугун телебеп, Шертбекти үй камагына чыгарып койду. Биз шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Иштин калыс каралашын жана бул адилетсиз чечими үчүн Бишкек шаардык сотунун жооп беришин талап кылабыз. 
 
 Азыр сотторго болгон ишеним жоголуп, нааразычылыктар күч алууда. Сиз ишенип дайындаган сотторго нааразычылык күчөгөнү аябай өкүндүрөт. Негизи эле адвокат болуп иштегендерди судьялык кызматка дайындоонун кереги жок экен. Алар жабырлануучу же айыпталуучу тараптын таламын талашып, ким акча берсе ошого иштеп көнүп калышыптыр. Мурда жактоочу болуп иштеген Шарабидин Токтосунов да ошол эски адатынан кутула албай жатат окшойт. 
 
Эми соттор калыс болуп, адилеттүү чечим чыгарат дедик эле. Иш жүзүндө андай эмес экенине күбө болуп жатабыз. Муну айтканымдын себеби, күнөөлүүлөр акталып, үй камагына чыгып жатса каятагы адилеттүүлүк! Бизде соттор качан калыс, адилет чечим чыгарат. Качанга чейин жабырлануу тарап ыйлап, сыздап жүрө берет. Элдин үнүн уккан, адилет соттор качан дайындалат? 
 
 Урматтуу Садыр Жапаров бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду жана Бишкек шаардык сотунун адилетсиз чечим чыгарганы үчүн жоопкерчилигин карап берүүңүздү суранам.


                                                                                                               Чынара Мамажакыпова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter