У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тарыхый окуя: улуу хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнест Акрамов 40 жылдан соң элдешти....


 Кыргыз медицинасында чоң тарыхый окуя орун алды. Канчалаган жылдар бою, тактап айтканда дээрлик 40 жылдан ашуун таарынышып, сүйлөшпөй жүрүшкөн кыргыз медицина тармагындагы көрүнүктүү, улуу хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнест Акрамов элдешти. 
 
Алардын урушу 42 жылга созулган. Чырдын себебин дарыгерлердин айтымында, хирургдар өздөрү гана билишет.
 
№2 хирургия бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кулбачаевдин айтымында, оорукананын жалпы жамаатын кубанткан «жакшы окуя» 17-мартта болгон.
 
Элдештирүү демилгесин Мамбет Мамакеев аксакал көтөргөн. Ал 16-март күнү кечинде өзүнүн биринчи жана эң мыкты окуучусу Эрнест Акрамовдун дайыма оюнан чыкпаганын айтып телефон чалган. Ал эми 17-мартта өзүнүн клиникасында салтанаттуу тосуп алып, калпак, чепкен кийгизип дасторкон жайып сыйлаган. 
 
Бул эки улуу инсандар кандай курактагы адамдар болбосун жарашууга эч качан кеч болбосун үлгү катары даңазалашты десек жарашат. Улуу адамдар гана бирин-бири кечирише алат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter