Курулуш компанияларына үйдүн пайдубалы түптөлө баштагандан тартып батирлерди сатууга тыюу салынат
- 16.03.2023, 14:09,
- Коом / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Учурда курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алуу үчүн акча салган жарандар батирин толук ала албай калган учурлары катталууда.
Жарандарды коргоо максатында министрлер кабинети тарабынан көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө жобо иштелүүдө.
Жобого ылайык, курулуш компаниялары баштаган ар бир үйүн аягына чейин чыгаруу милдеттендирилет. Ошондой эле, курулуш компанияларына үйдүн пайдубалы түптөлө баштагандан тартып батирлерди сатууга тыюу салынат.
Бул жобо күчүнө киргенден кийин курулуш компаниялары менен жарандардын ортосунда ачык-айкындуулук болот.
Төраганын орун басары алдыга коюлган тапшырманы ишке ашыруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компаниялардын жетекчилери менен мындай жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп тураарын билдирди.