Каржы приамидаларын жарнама кылгандар жазага тартылат
- 15.03.2023, 12:57,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Депутат Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда каралып, депуттар тарабынан жактырылды.
Аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда 76 депутаттын колдоосуна ээ болду.
Ага ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылган адамдарга 20 миң сом айып пул салып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда, каржы пирамидаларын түзгөн жарандардан сырткары аларды жарнамалаган белгилүү адамдардын да жоопкерчилигин кароо каралган.