У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президентке кайрылуу: «Ветка» айыл-чарба кооперативинин 2 миңден ашуун уй, 300гө жакын жылкысы жок болду...

           

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго       

                                  Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге  

                            Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге   

                           Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековго

                                                                                  

                                                                         Кайрылуу!

                                   Урматтуу бийлик башчылары!

Биз «Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү сиздерден акыйкаттык жана чындык издеп кайрылуудаабыз. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбай калды. Жалгыз үмүт сиздерде.

 

«2014-жылы Сейит Мустаков Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан «Ветка» айыл-чарба кооперативинин жетекчиси болуп шайланган. 2017-жылдагы маалымат боюнча, кооперативде 2 миңден ашуун уй, 300гө жакын жылкы бар болчу. Бүгүнкү күндө 20дай уй жана 30дан ашуун гана жылкы калды. Мустаков кооперативдин мүчөлөрүнүн эч кандай уруксаты жок жер, айыл-чарба техникасын жана станокторду сатты. Ошондой эле, узундугу 3 чакырымдай сүү түтүгү сатылды. Анын кесепетинен миңдеген гектар жер сугарылбай, азык-түлүк коопсуздугу жаралышы толук мүмкүн. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Мустаковдун үстүнөн 4 кылмыш ишин козгогон. Бирок милиция кызматкерлери белгисиз себептерден улам тергөө амалдарын атайын созуп жатышат. Чүй облустук прокуратурасы дагы бизге тоскоол болууда. 

 

 «Мустаков өз билемдикке салып, кооперативдин уставын бузуп, өзүнүн ыйгарым укуктарын узартып алган. Анын иштөө мөөнөтү 2019-жылы эле бүткөн. Устав боюнча шайлоо өтүшү керек эле, уставда жакта ыйгарым укукту узартуу деген түшүнүк жок. Ошондуктан Мустаков жетекчилик кызматта мыйзамсыз олтурат. Бул боюнча Аламүдүн райондук соту биздин пайдабызга чечим чыгарган. Бирок облустук сот менен Жогорку сот Мустаков тарапта болду. Сот отурумдарында биздин жактоочуларга сөз бербей, кагышты. 

 

 Мустаков жогорудагы кылмыш иштерин жаптыруу үчүн кооперативди атайын банкрот кылып жатат. Эгер убактыңыздар болсо, «Ветка» кооперативинин бүгүнкү абалын көрүп кетүүгө чакырабыз. Бүгүнкү күндө кооперативдин өндүрүшү талкаланып, киреше түшпөй, мышык ыйлаар абалга кептелди. Болбосо Мустаков келгенче «Ветка» кооперативи Мал чарбасы жакшы өнүккөн, алдыңкы кооперативдердин бири эле. Бирок Мустаков келгени иш туура эмес жүрүп, тескери жол менен кетип калды. Ал кызматка олтургандан кийин баарын сатып баштады. Пайщиктер көп жылдан бери дивиденд албай, кооператив карызга батты. 

 

Эске салсак, Мустаков келери менен 20 миллион сом насыя алган, бирок ал акчага эч нерсе жасалган жок. Кумга сиңип кетти. 4 жылдан бери чогулуш өткөрбөйт, отчет бербейт, улууларды укпайт. Буга чейин кооперативдин эмгек сиңирген кызматкерлерине сый акы берилчү. Аны да өзүм билемдикке салып, жоюп койду. Мустаков чогулуш уюштуруп, шайлоо өткөрүп, талапкер чыкпагандыктан өзүнүн ыйгарым укуктарын узартып алган. Бирок ал чогулуштун протоколун бурмалап, чогулушка катышкан, добуш берген адамдардын санын өзгөртүп койгон. Ушуга байланыштуу сотко кайрылганбыз. Андан тышкары, Мустаков кызматка олтургандан кийин дароо уставды өзгөрткөн. Жетекчини шайлоо жабык өтүп келген болсо, добуш берүүнү ачык кылып койгон. Башкармалыктын макулдугу менен 20 млн сомго чейинки мүлктү сатууга укук алган. Ал эми жерлерди субарендага берип койгон. Устав боюнча жерлер субарендага берилбеши керек!

 

 Урматтуу президент, УКМК төрагасы, Башкы прокурор мүмкүн болсо карапайым элдин үнүн угуп, бизди кабыл алыңыздар. Биздин колдо тиешелүү документтердин баары бар.

 

 Биздин кайрылууну кабыл алып, тиешелүү чечим чыгырат деп ишенебиз. Акыркы үмүт сиздерде!

 

 Терең үмүт менен ишеним артып, «Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү

                                                           



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter