У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Иманалиев №91 мектепке барды. Ал сабак учурунда мугалимди шылдыңдаган окуучу менен жолукту...


Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, министр окуучу жана мугалим менен жолугушуп, окуучуну ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди. 
 
“Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?”, - деп айткан министр.
 
Эске салсак, аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу социалдык тармактарга тараган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter