У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурлан Мотуев: "Аялым Элнураны акча бузду, тоготпой калды, ажыраштым..."


 Айтылуу Нурлан Мотуев келинчеги Элнура Норузбаева менен официалдуу түрдө ажырашканын жар салды.
 
Экөөнүн эки жолго түшкөнү боюнча Нурлан Мотуев төмөнкүлөргө токтолду: "Мен келинчегим менен ажыраштым. Ажырашкан соң анын банк эсебине бир квартира, бир машина келе турган акча салып бердим. Эми ажырашканымдын себептери көп. Мага 23 жашында, менин оор күндөрүмдө тийген, анысына рахмат. Үч жыл жашадык. Менден 27 жаш кичүү экен. Башында жакшы болчу. Мага абдан көп карыздары менен тийген. Баарын жаап бердим.
 
Үйлөнгөндө элдин баары эле, өтө эле жоош, сөлдүр, сага тең эмес, сага яркий ачык-айрым кыз болсо жарашмак деп айтып жатышты.
 
Бирок адамды акча бузат деген чын экен. Буга кичи мекени Кеминден чоң байлык үлүш тийип, ошондон кийин мени тоготпой, каяша айтып атаандашып баштады. Адамды сынагың келсе чоң акча бер деген чын экен. Аябай өзгөрүп кетти. 
 
Үч жылда бир жолу боюнан түштү. Бир жолу ичинде өөрчүбөй калды. Биринде сегиз айында төрөп балабыз чарчап калды. Бала буюрган жок. Акыркы көчө чырын аялың Элнура уюштурган турбайбы деп жазып жатышты. Бирок ал уюштурган эмес. Мен анысын жакшы билем. 
 
Сөздүн кыскасы, мен Элнура Норузбаевадан мындан ары жеке жашоомо киришпе, менин интернетте жазышкандарыма аралашпа деп суранат элем",- деп билдирүү жасады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter