У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда 6 жашар наристе коронавирустан айыкты


Өткөн суткадагы жаман илдетти жеңип чыккан 23 бейтаптын арасында 6 жаштагы наристе да бар. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрилиги тастыктады.

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Канат Искаковдун айтымында, сакайгандардын бардыгынын абалдары канааттандырарлык. Арасында 6 жаштагы жаш бала да бар. 

"Оорулуулардын бири абдан оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүндө дарыланды. Дагы бири алты жаштагы наристе. Вирус ар кайсы организмге ар кандай таасир этет. Ошондуктан бардык адамдарды дарылоо методу бирдей эмес. Бардыгы консилиумда чечилет. Эгер абалы жакшы болсо, башка дары-дармектер, витаминдер колдонулат”, — дейт Искаков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter