Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча долбоорун кайра чакыртып алганын мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, муниципалитет азырынча шаарда тарифтерди көтөрүү маселесин көтөрбөйт.
" Биз Бишкек шаардык депутаттары менен сүйлөштүк. Тарифти көтөрүү маселеси азырынча кароодон алынып салынды, Анын себеби, социалдык тармактарда нааразычылыктар көп болду – эл мунун көтөрө албайт. Ошондуктан биз жол кирени этап менен көтөрүүнү чечтик. Бирок азыр эмес», - деди Абдыкадыров.
Ошол эле учурда ал Бишкекте суунун тарифи төмөн жана ага аяр мамиле кылуу керек деп эсептейт. Бирок кийинчерээк тарифтерди көтөрүү маселеси этап менен карала турганын кошумчалады.
Мэрдин айтымында, транспортто накталай жана накталай эмес түрдө төлөө идеясы сунушталууда. Башкача айтканда, карта менен төлөсө, автобуста жол кире 11 сом, накталай төлөсө 15 сом болот.
Буга чейин мэрия коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү демилгесин көтөргөн.
Сунушталган график:
троллейбустар жана автобустар - 15 сом;
кичи автобустар: 6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом, 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом.