У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандагы бардык имараттар менен үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугу текшерилет


Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Кыргызстандагы бардык имараттар мененкөп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугу текшерилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
 
Жыйында депутат Марлен Маматалиев көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштады.
 
«Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаттын текшерүүгө буга чейин эле буйрук бергенбиз. Бетондун сапатын Кашкаров балкасы менен текшерсе болот. Биз буюртма бердик. Катмарларды атайын рентген аппараттары менен текшеребиз. Сапаты талапжооп бербеген курулуштарды 10 жыл өтсө да куруучуларды, жооптуу адамдарды таап, имаратты кайра бекемдетебиз. Бул ишти бир жылдын ичинде бүтүрөбүз», - деди Акылбек Жапаров.
 
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш тармагына көзөмөл күчөтүлө турганын, Түркияда бир шаардын мэри курулуш тармагын жакшы көзөмөлдөгөнү үчүн ал шаар жер титирөөдө кыйроого учурабаганын белгиледи.
 
 «Курулушчулар бир үйдү бүтүргөндүн ордуна бир нече чуңкур казып жатышат. Архитектураны борбор калаанын мэриясына бекер берген жокпуз. Башкы планды да мэрияга беребиз», - деди Акылбек Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter