Бүгүн, 28-февралда саат 01:36да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайда 4,5 баллга жетип, Нура айылынан 16 чакырым, Ош шаарынан 150 чакырым алыстыкта катталган.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Нура айылында 4 балл, Эркечтам, Икизяк айылдарында 3,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.