У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды


 27-февралда саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казакстандын сейсмология институту билдирди.
 
Жер титирөөнүн очогу Как-Шаал Тоо кырка тоолорунда, Таш-Короо айылынан 50 км түштүк-чыгышты карай, Эчкили-Таш айылынан 55 км түштүк-чыгышты, Кургак айылынан 58 км түштүк-чыгышты, 60 км. Эңилчек айылынан түштүк-чыгышты карай, Кең-Суу айылынан 60 км түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 130 км түштүк-чыгышында болгон.
 
Калктуу конуштарда жер титирөө Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4 баллга жакын, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3,5 баллга жеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter